• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Үмүт" балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары Сочидеги фестивалга катышат

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. "Үмүт-Надежда" балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары Руслан Ахмеров жана Лидия Филатова Сочи шаарында өтө турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын фестивалына катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алган жаш шаардыктарды кабыл алды.

“Руслан майыптардын коляскасында бий даярдап, Лидия ырдайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Аким балдарга ийгилик каалады, эл аралык фестивалга жолдомо алгандыгы үчүн сертификаттарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн бишкектик жаштарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана чоң жеңиштерди каалайт!

Пикир

Оставить комментарий