• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үмүт кубогу: Кыргызстандык футболчу кыздар Тажикстандын командасын утуп, коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын курамасы Үмүт кубогу – 2019 биринчилигинин алкагында Тажикстандын командасын жеңип коло медалга татыды.

Мелдеш 12-сентябрда Каракол шаарынын борбордук стадионунда өткөн.

Беттеш 2:1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди. Кыргызстандын командасынан Айжан Боронбекова жана Айчүрөк Айтбаева гол киргизишти.

Финалдык оюнда Өзбекстандын курамасы Непалдын командасына каршы ойноп, 3:2 эсебинде утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий