• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Үмүт кубогу: Кыргызстандык футболчу кыздар Тажикстандын командасына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын курамасы Үмүт кубогу – 2019 биринчилигинин алкагында Тажикстан командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Каракол шаарынын калаасында өттү. Мелдештин 2-турунда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 2:1 эсебинде утулуп калды.

Биринчиликке Кыргызстан, Тажикстан, Непал жана Өзбекстандын курамалары күч сынашууда.

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстандын командасы Өзбекстандын футболчулары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий