• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Үмүт жана Конун” негиздөөчүсүнүн үйүнөн табылган 800 млн сом бюджетке чегерилди

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. “Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Ж.А.нын үйүнөн табылган 822 млн сом бюджетке чегерилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, “Үмүт жана Ко” ЖЧКсынын тең ээси Ж.А. (Журат Абдуллаев) аттуу ишкердин үйүнөн курал-жарактар, атайын техника жана 822 млн сом табылып, шектүү эки айга камалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу Ж.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты моюнга алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ж.А. карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

“Кечээ, 12-сентябрда Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айыппул төлөө каралды. Ошондой эле Ж.А. буга чейин алынган 800 млн сомдон ашык акчанын кайдан келгенин тастыктай албагандыктан ал сумма толугу менен бюджетке которулду. Ал эми курал-жарак, ок-дарылар жана согуштук техникалар ИИМдин карамагына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий