• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Бишкекте жолдордо жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн Чүй кең көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-августтан тарта Үмөталиев көчөсүнүн Чүй кең көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат.

Жумуштар 30-августка чейин уланат. Автоунаалар Калык Акиев көчөсү менен жүрө алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана коноктордон жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана алдын ала маршруттарын ойлонуп алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий