• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээ, 8-августта Үмөталиев көчөсүнүн кезектеги бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталган.

Жолдогу жумуштарды 28-августта бүтүрүү пландалууда. Эске салсак, быйыл Үмөталиев көчөсүнүн 2 чакырымдай бөлүгү – Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейин оңдолот.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий