• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Үмүтсүз болбойлу! Муфтий Токтомушев пандемиядан улам кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев пандемиядан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Муфтийдин кайрылуусун толугу менен беребиз:

Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар!

Азыркы маалда Жараткан Алла Тааламдын сыноосунун үстүндө турабыз. Биз эч качан унутпашыбыз керек инсан Алла Таалага муктаж. Анын алдында алсыздыгыбызды жана бул дүйнөдө сыноодо экендигибизди эстен чыгарбашыбыз керек.

Алла Таалам инсанга кээде өлүм берип, кээде жашоо берип, кээде ден соолук берип, кээде оору берип сынайт. Кээде байлык, бийлик берип сынаса, аны кайра алып дагы сынайт. Ошондуктан бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Биз качан бул сыноодон ийгиликтүү өтө алабыз? Качан гана Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) сүннөтүн аткарганда гана. Жараткан Алла Таалам Курани Каримде: “Биз силерди сөзсүз сынайбыз. Бир аз коркунуч менен, жана ачкачылык менен, жана мал-мүлкүңөрдү азайтуу менен, жандарды азайтуу менен, жана мөмө-жемишиңерди азайтуу менен, жана куш кабар бергин сабыр кылуучуларга! Качан аларга кайгы жетсе, алар айтышат, албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте, биз ага баарыбыз кайтуучубуз”, - деген.

Демек, урматтуу мусулман бир туугандар! Ислам дини текербеликтен, менменсингендиктен тыйгандай эле үмүтсүздүктөн, дүрбөлөңгө түшүп, коркуп калгандан дагы тыюу салган. Биз бүгүн азыр бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп, жардам бере турган учур келди. Эч качан бири-бирибизди айыптап, күнөөнү башкадан көрүп, жемелеп, сындаганды токтотолу.

Келгиле туугандар! Башыбызга келген кыйынчылыкта сабыр кылалы. “Сабырдын түбү-сары алтын” дейт элибизде. Биз азыр Кудайга шүгүр тынч заманда жашап жатабыз. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн. Бир аз сыноо болуп жатат. Биз Кудайга шүгүр кылалы. Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Ыймандуулардын башына келген эпидемияда адам кайтыш болсо, ал шейит кеткен болот” деген. Шейит менен өткөндөрдүн даражасын Алла Таалам мээримине алып, бейиштен төр насип эткен болсун. Ооруп жаткандарды Алла Таалам батыраак сакайтып, туруктуу шыпаа кылган болсун!

Урматтуу кыргыз элим, мекендештер!

Баарыңыздарды ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө, бири-бириӊерди туура түшүнүүгө чакырам. Бири-бирибизге материалдык колдоо көрсөтө албасак дагы, жылуу сөз менен колдоо көрсөтөлү. Жакшы сөз менен бири-бирибизге жөлөк-таяк бололу. Көӊүлүбүзду, маанайыбызды түшүрүп, чөкпөйлү, үмүтсүз болбойлу. Кудай буюрса бул күндөр дагы өтөөр-кетээр. Оюбузду, көкүрөгүбүзду жакшы ойлорго, ниетке оңдойлу. Ооруну тамаша катары көрбөй, дүрбөлөңгө алдырбай, этияттуулукту, тартиптүүлүктү бекем кармап, Жараткан Алла Тааламга кайрылып дуба кылалы! Алла Таалам бул эпидемиядан эртерээк чыгарып, элибизге ден соолук, журтубузга ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук берсин.

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Пикир

Оставить комментарий