• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

М.Абулгазиев: Айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгуусуна шарт түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгып, өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алынча башкаруу оргадарына өткөрүп берүү боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, биринчи вице-премьер министр министрликтердин өз милдеттеринин айрым бөлүктөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсүнүн негизги максаты – элдин убактысын үнөмдөө, калк арасында тейлөө сапатынын деңгээлин жогорулатуу жана каражатты сарамжалдуу пайдалануу экенин баса белгиледи.

«Ар бир министрлик кайсы милдеттерин өткөрүп берет, ошону тактап, эсебин чыгарып, тийиштүү деңгээлде отчет даярдашы керек. Бул боюнча иштин аткарылышын министрлердин орун басарлары өз жоопкерчилигине алсын»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиева «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби» мыйзамынын аткарылышы тууралуу толук маалымат берди.

Жыйында министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өз тармагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп бериле турган милдеттерди талкуулашты.

Жыйынтыгында Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жакынкы аралыкта бардык аймактарга өткөрүлө турган милдеттерди так аныктаган механизм менен кошо анын каржы жактарын эсептеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий