• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

М.Абулгазиев Ош шаарынын тургундарын Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 9-майда, Ош шаарындагы борбордук аянтта өткөн Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына арналган майрамдык иш чарага катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев майрамдык салтанатта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетектеген Өкмөттүн атынан жергиликтүү элди 9-май Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктады.

«Ош жергеси дагы бүткүл өлкөдөгүдөй «Баардыгы фронт үчүн», «Баардыгы Жеңиш үчүн» – деген ураан менен жашаган. Мага аксакалдар айтып беришти: Оштун жибек комбинатында өспүрүм балдар 18 саатан иштешип, станоктун жанында укташып, ойгоноору менен кайра иштей башташкан, ал эми дыйкандарыбыз жумалап бут кийимин чечишкен эмес, себеби ачкалыктан алардын бутары шишип кеткен. Ата мекенибизди коргоо, анын көз карандысыздыгы үчүн салгылашып жатып курман болуу – бул эң чоң сыймык. Мындай сыймыкка Согуштан кайтпай калган Ош шаарынан 4 миңден ашуун жоокерлери татыктуу болушкан»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Майрамдык иш чарада Биринчи вице-премьер-министр согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалап, ар бир ардагерге келечек муунга акыл-насаатын айтып, узак жашашына тилектеш экенин билдирди.

Андан соң Биринчи вице-премьер-министр Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Жоош айылында өткөн майрамдык иш чарага катышып, райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин бүгүнкү Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктады.

«Кара-Суу районунан согушка 4000 ашуун жаран кетип. 2600 жаран кайтпай калган. Биз бүгүн Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдап жатып, мекенибиздин жана элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген эр жүрөк, тайманбас аталарга, агаларга, апаларга – баарына башыбызды терең ийип миң мертебе таазим кылабыз. Биз алардын эрдигин эч качан унутпайбыз»,-деди Биринчи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий