• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

М.Конгантиевге карата кылмыш ишин иликтөө жандандырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш ишин иликтөө кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кылмыш ишин токтотуу чечимин жокко чыгаруу чечими ушул жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

“Бул иштин материалдары кошумча иликтөөгө жиберилди. Кошумча тергөө амалдарынын алкагында ал чечимди жокко чыгаруу чечими чыгарылган”, - дейт прокуратуранын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, УКМК июнь айында мурунку ички иштери министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын билдирген.

УКМК билдиргендей, 2010-жылдын 6-апрелинде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Бишкекте маалымат жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу билдирүү жасап, “Курултайдын” катышуучулары тарабынан өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбей тургандыгын айткан.

“Мындан тышкары, 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрү Конгантиев Талас облусунда болгон. Бирок ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги өкмөт үйүнүн алдындагы каргашалуу окуяларга өз таасирин тийгизе алган эмес. Бул аракеттер кайсы бир кылмыштын курамы жок жана мыйзамдардын талаптарын бузуу катары каралбайт”, - деп УКМКдан билдиришти.

Бирок 2010-жылдын 7-апрель окуясынын катышуучулары бул чечим менен макул болбой, мурунку министрди жазага тартууну суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий