• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

М.Мискенбаев: “КРдагы трагедиялуу окуяларда каза болгон балдар эркиндик жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн күрөшкөн”

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевден башкалар Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондорду эскербейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мурдагы депутат, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев билдирди.

Анын айтымында, 2002-жылы 17-марттагы, 2005-жылы 24-марттагы жана 2010-жылы 7-апрелдеги окуялар эркиндик жана адилеттүүлүккө багытталган.

“Трагедиялуу окуяларда каза болгон бардык балдар эркиндик жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн күрөшүшкөн. Биз мындай окуялар башка кайталанбайт деп ишенебиз. Биздин Президентибиз Алмазбек Атамбаев мындан ары бийликти өткөрүп берүүдө революциялык кадамдарга барбайбыз деп айткан. Айтмакчы, А.Атамбаевден башка эч ким Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондорду эскербейт. Мамлекет башчысы бул трагедиялуу окуялардын катышуучуларын кабыл алып, аларга ар тараптан жардам берип келет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий