• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 25-январында бекитилген.

Протокол Тараптардын маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу тартибин жана алардын маалыматтык мейкиндигин деструктивдүү таасирлерден жана Тараптардын улуттук мыйзамдарында тыюу салынган максаттарда Интернет тармагындагы улуттук сегменттерди пайдаланууга каршы аракеттерден коргоо кызыкчылыгындагы кызматташтыгына багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий