• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Маалымат жана басма сөз күнү: Сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрь күнү Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. 7-октябрдын Маалымат жана басма сөз күнү болуп калышы Кыргызстандын тарыхындагы тунгуч гезит – "Эркин Тоо" (азыр - "Кыргыз Туусу") гезитинин биринчи санынын жарыкка чыгышы менен байланыштуу. "Эркин Тоо" гезитинин алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн. Ага байланыштуу КР Өкмөтү 1993-жылдын 1-ноябрында 7-октябрды Маалымат жана басма сөз күнү деп белгилүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган. Ал мезгилде республикада улуттук жазманын жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктап калган. Улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле китептер чыгарылып келгени менен алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда болгон.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 китеп жалпы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында "Кыргызмамбас" ("Киргосиздат") басмаканасы негизделген. Алгачкы жылы анда 66 миңге жакын нускада 26 китеп басылып чыккан.

60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен "Кыргызстан", "Мектеп", "Илим", "Адабият"басмаканалары тарабынан жүргүзүлүп келген.

2018-жылы 1,5 миң китеп 1 млн 770 миң нускада басылып чыкса, алардын ичинен китептердин 945 миңге жакын нускасы кыргыз тилинде болгон.

Мындын тышкары, 2018-жылы Кыргызстанда 38 журнал, анын ичинен 8 кыргыз тилинде чыгып, алардын жалпы бир жылдык нускасы 366 миңге жеткен. Анын ичинен журналдардын 308 миң нускасы же 84 пайызы кыргыз тилинде басып чыгарылган.

Маалыматтар Улуттук статистика комитети тарабынан даярдалган

Пикир

Оставить комментарий