• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маалыматтар базасында насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7ден 5 жылга кыскартуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде насыялык маалыматтарды алмашуу жөнүндө, кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жана өлкөнүн социалдык фонду жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, мыйзам долбоору насыялык маалыматтарды натыйжалуу алмашууну жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. Ал «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарда кемчиликтер болгондугуна байланыштуу насыялык маалыматтарды алмашуу натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

«Колдонуудагы мыйзамдар насыялык маалыматтардын толуктугун, аныктыгын камсыз кылбагандыгын тажрыйба көрсөтүп турат. Насыялык бюролордо жарандын салык карыздары боюнча, камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык чегеримдери боюнча карыздары тууралуу, ошондой эле кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү жөнүндөгү маалымат жок. Ошондон улам, «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамда насыялык маалыматты насыялык бюрого зайымчынын макулдугусуз өткөрүп берүүнүн милдеттүүлүгүн кароо сунушталып жатат», - дейт Толкунбек Абдыгулов.

Мыйзам долбоорунда насыялык бюронун маалыматтар базасында насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий