• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маалыматтык күркөлөр аркылуу 39 миң 963 паспорт жасалган - МКК

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Маалыматтык күркөлөр аркылуу 39 миң 963 паспорт кабыл алынып жана жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) коллегиясында айтылды.

“Маалыматтык күркөлөрдүн иши боюнча регламент кабыл алынды. Учурда ал жакта ЗАГСтын 6 кызматы жана паспорт кызматынын 3 кызматы иштеп жатат. Документтер күркөлөрдүн кызматкерлери аркылуу кабыл алынууда жана тиешелүү кызматтарга жөнөтүлөт”,-деп айтылат отчетто.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында МККнын башчысы Дастан Догоев мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүү максатында маалыматтык күркөлөрдү ачуу керектигин билдирген.

Кыргызстанда документтерди алуу үчүн маалыматтык күркөлөрдү ачышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев билдирди. Япония өкмөтү тараптан гранттык негизде бөлүнгөн каражатка жалпы суммасы 5 млн 600 миң АКШ долларына маалымат күркөлөр үчүн жабдык сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий