• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментиндеги, «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору»мамлекеттик мекемесиндеги тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун 2015-жылдын 26-ноябрындагы кеңешмесинде бекитилген Иш-чаралар планын аткарууга багытталган.

Белгилесек, учурда аталган мекемедеги штаттык бирдиктердин жалпы саны 196 бирдикти түзөт. «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлган учурда 130 бирдик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» мамлекеттик ишканасына которулат, ал эми 66 штаттык бирдик кыскартылат.

Пикир

Оставить комментарий