• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маалыматтык системаны интеграциялоо жана транспорт каражаттарын байкоо системасын түзүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында маалыматтык системаны интеграциялоо жана транспорт каражаттарын байкоо системасын түзүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташып келүү маселелери боюнча жыйын болду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева, ишкана эл аралык эксперттердин катышуусу менен Кыргызстанга Евразия Экономикалык Биримдигинен жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген транспорт каражаттарын бажы жана салмак көзөмөлүнөн өткөрүүдө маалыматтык системага интеграциялоо жана ишкерлер үчүн милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча бирдиктүү электрондук отчеттуулук системасын ишке киргизүү тууралуу бир катар сунуштарды иштеп чыкканын билдирди.

Анын айтымында, «Түндүк» мамлекетттик ишканасы мамлекетттик органдар менен биргеликте «Түндүк» тутуму аркылуу маалыматтык системага интеграциялоо жана товарларды көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле ишкерлер товарды импорттоодо бажы жана салмак көзөмөлүнөн кабылган керексиз процедураларды алып салуу боюнча координациялык жумуштарды жасап жатат.

Мамлекеттик бажы кызматы менен Автомобиль жана суу транспорту агенттиги транспорт каражаттары боюнча маалыматтарды алмашып баштады. Андан кийин «Түндүк» системасы аркылуу Мамлекеттик салык кызматы менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция маалыматтык тутумга интеграциялоо ишин баштоо пландалды.

«Түндүк» тутуму аркылуу маалыматтык системага интеграциялоонун натыйжасында транспорт каражаттарын жана чек арадагы товарларды сапаттуу көзөлмөлдөөнү камсыз кылат, муну менен аткезчилик жок кылынат. Ошондой эле транспорт каражаттарын көзөмөлдөө процедурасынын жөнөкөйлөшү менен ишкерчиликтин жүгү жеңилдейт», - деди Нурия Кутнаева.

Мындан тышкары ал ар кайсыл мамлекеттик органдарга бирдей отчёт берүүнү жок кылуу максатында, «Түндүк» мамлекеттик ишканасы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен биргеликте координациялык иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады. «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын эксперттери ишкерлер тарабынан отчётту электрондук жана кагаз түрүндө берүү үчүн бириктирилген жана жөнөкөйлөтүлгөн форманы сунуш кылууда.

Бул маалыматтарды Кубатбек Боронов уккандан кийин, ишкерлер отчётту бир мамлекеттик органга бергендей, ал эми башка мамлекеттик органдар «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу керектүү маалыматтарды алгандай бирдиктүү отчёттуулук системасы түзүлүшү керек экенин белгиледи. Мындай чаралар ишкерлердин ар кайсы мамлекеттик органдарга ай сайын бере турган отчёт иштерин жеңилдетет.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр транспорт каражаттарынын жана жүктүн чек ара аркылуу ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн өтүшү боюнча байкоону түзүү керек экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле ишкерлерди алдын ала маалымдоо жана тобокелчиликтерди башкаруу системасын иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Жыйындын соңунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тийиштүү тапшырмаларды берип, анын ичинде жогоруда айтылган эки система боюнча ар бир мамлекеттик органга өзгөчө талап коюларын белгиледи. Анткени бул эки маселе Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу үчүн «Жол картасында» белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий