• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Covid.kg бирдиктүү маалымат аянтчасы тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Акылбек Исмаилов жаңы ишке киргизилген Covid.kg бирдиктүү маалымат аянтчасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, сайтта төмөнкү маалыматтар жайгашкан:

- айыккан жана ооруну жуктурган адамдар ж.б. жөнүндө акыркы расмий маалыматтар. Маалыматтар күн сайын жаңыланып турат;

- ачылган стационарлар тууралуу маалымат: маалыматтык аянтча map.covid.kg интерактивдүү картасы менен интеграцияланып, ачылып жаткан стационарлар жана андагы орундар

жөнүндө маалымат алууга болот (азырынча Бишкек жана Чүй облусундагы стационарлар боюнча маалыматты көрүүгө болот);

- пандемияга каршы күрөштүн алкагында жасалып жаткан иштер;

- ыктыярчылардын иши тууралуу маалымат;

- гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат. Учурда Саламаттык сактоо, Каржы жана Эмгек жана социалдык өнүктүү министрликтеринин гуманитардык жардамдар боюнча

маалыматы бар. Башка мамлекеттик органдардын гуманитардык жардамдар боюнча маалыматтарды даярдап беришине жараша аянтчадагы маалымат толтукталат;

- дүйнөлүк статистика;

- дарыгерлердин сунуштары. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген дарылануунун протоколдору жайгаштырылган.

Исмаилов кошумчалагандай, маалыматтык аянтчада кайтарым байланыш каралган.

Пикир

Оставить комментарий