• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маалымкат алуу үчүн Бишкектин калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-июлунан тартып Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлору адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргызстандын аймагында соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алууга кайрылууларды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул кызмат көрсөтүү арыз берүүнүн эң ыңгайлуу ыкмасын камсыз кылуу, арыз ээсинин убактысын үнөмдөө үчүн борбор калаанын КТБда жүргүзүлүп баштайт.

Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат көп талап кылынган маалымкат болуп эсептелет. Кабыл алынган арыз Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт, 7 күн өткөндөн кийин соттолбогондугу тууралуу маалымкатты ошол эле министрликтин Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 115 дарегинде жайгашкан Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунда алууга болот.

Маалымкат шашылыш керек болсо 1 жана 3 күндө акы төлөнүүчү негизде алууга болот.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлорунда «өзүн-өзү тейлөө зоналары» иштейт, ал жерде дагы жарандар https://portal.tunduk.kg/ электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылуу калтыра алышат. Бул учурда дагы КР ИИМ Маалымат технологиялар башкы башкармалыгына баруунун кажети жок.

Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алуу үчүн жарандар өздөрүнө ыңгайлуу жолду тандап ала алышат.

Демилге Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан калкты тейлөө борборлорунда көрсөтүлгөн кызматтардын санын көбөйтүү максатында ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий