• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маанай жана тамак: адистер эмне дейт?

Дүр дүйнө 0

Биз стрестүү дүйнөдө жашап жатабыз. Кээде күнүмдүк турмуш бизди чарчатып, стресс же депрессия кылып коет. Айрым адамдар мындай абалдан чыгуу үчүн дарыгерлерге кайрылышат же ар түрдүү терапияларды колдонушат. Бирок таптакыр ойго келбеген дартка даба болчу жер бар: бул ашкана.

Мидлсекс университетинин тамак-аш боюнча эксперти Доктор Пол Клейтондун айтуусунда денебиздин ар бир мүчөсү сыяктуу эле мээбиз да биздин эмне ичип, жегенибизден таасирленет. Айрым азыктардын курамында эмне деп ойлонушубузду жана өзүбүздү кандай сезишибизди шарттаган заттар бар. Мисалга алсак, углеводко бай тамак- аштар өзүбүздү жайдары алып жүрүүбүзгө жардам берип, бактылуу болчу сезимдерди жаратат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, диета кармай баштаган адамдар эки жумадан соң бир аз депрессия болушат, мунун себеби алар углеводу аз тамактарды жегенинде. Башка жагынан алганда, белокко бай тамактар сергек болуубузга жана бир ишти ыкылас коюп аткаруубузга шарт түзөт. Изилдөөдө байкалгандай, эрте менен курамында белогу көп тамак жеген мектеп окуучулары көп учурда белогу аз тамак жеген балдарга караганда активдүү болушат.

Ошондой эле эгер сизде түштөн кийин экзамениңиз же тез арада чечим кабыл алынышы керек болгон жолугушууңуз бар болсо, түштө туура тамактансаңыз ишиңиздин жакшы жагына чечилүүсүнө өбөлгө болот.

Би-Би-Си телекөрсөтүүсүндө жасалган экспериментте мурда британ чемпиондору болгон эки шахматчы бири-бири менен таймашаардан мурун ар түрдүү азыктар менен тамактанышкан. Пол курамында белок бар кызыл эттен жасалган салат менен чочконун сүрсүгөн этин жесе, атаандашы Терри углеводдуу майлуу макарон жеген. Оюндун жүрүшүндө Терри уйкусурап, кандай жүрүш кылаарын ойлонууга Полдон караганда көп убакыт короткон. Эксперимент бир нече жолу кайталанып, жыйынтыгы окшош болгон.

Дагы бир маанай тамагы кылмыштуулукка каршы күрөштүн жашыруун куралы болуп калышы мүмкүн. Англиянын түштүгүндөгү Борнмутта жайгашкан кээ бир түнкү клубдун ээлери, түнкү зомбулукту, уруш-талаштарды жоюу үчүн бир чечимге келишкен. Алар кардарларына түндүн акыркы бөлүгүндө акысыз шоколад беришкен. Натыйжада зордук-зомбулук окуялары 60% га кыскарган.

Эмне үчүн шоколад адамдардын ачуулануу сезимин азайтат? Биринчиден, мээге пайдалуу эндорфин деп аталган химиялык заттарды бөлүп чыгарат. Анын курамында шекер көп болгондуктан, ал сизге энергия берет жана түнкүсүн чарчагандан келип чыккан агрессияны токтотууга жардам берет. Ошентип, таттуу даамы менен шоколад маанайды өзгөртө алат.

Маанай жана тамак: адистер эмне дейт?

Карагат жана какао концентрациянын деңгээлин беш саатка чейин көтөрө алышат.

Белокко бай тамак мээнин натыйжалуу иштешине жардам берет.

Жакшы уктоо үчүн жана жайбаракат болууда углеводду көп жеген пайдалуу.

Кочкул-жашыл жашылчаларды (мисалы капуста жана шпинат) жана майлуу балыкты (б.а. лосось) дайыма жеп туруу депрессия менен күрөшүүгө жардам берет.

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий