• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мааниси жок! Мурдагы Маммүлк фондунун төрагасы Зилалиев сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралды. Соттолуучу өзүнүн акыркы сөзүн айтып, анын иши "анекдот" экендигин дагы бир жолу белгилеп өттү.

“Бүгүн соттук текшерүү жүрүп жаткандыгына 6 айдын жүзү болду, бирок мамлекеттик айыптоочунун бир дагы далили жок экендиги көрүнүп турат. Кайталап кете турган нерсе бул иште эки гана далил бар: дээрлик эч нерсе көрүнбөгөн видеотасма жана курсанттын баш кийими. Булар эмнени далилдеп бере алышат. Баш кийим кайда бомба кайда? Бомба менен баш кийимдин кандай байланышы бар? Социцалдык тармактарда элдер бул кылмыш иш тамаша экендигин туура жазып атышат. Беш ай тергөө иштери, алты ай сот жүрүп жатат. Ошо менен 11 айдан бери мамлекеттик аппарат ушундай мааниси жок ишти изилдегенге каражатты да, убакытты да коротуп келет”, - деди Зилалиев.

Ал белгилегендей, ага айып катары 5 миң 200 сом салынып жатса, бул ишти изилдөөгө мамлекет он эсе көп акча коротту.

“Менин жубайым, 3 балам бар, ата-энем тирүү. Кантип мен үй-бүлөмдү ойлобостон атайылап ушундай иш жасайт элем? Бул иш боюнча эч кандай далил жок. Соттон акыйкат жана адилеттүү чечим чыгаруусун суранам”, - дейт Зилалиев.

Эскерте кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде шаардын так ортосунда бомба коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Кийинчерээк, ал бомба тууралуу Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун мурунку жетекчиси Зилалиев милдетин аткарып жаткан курсант кызга айткан деген маалымат тараган. Анын өзүнүн айтымында, бомба жөнүндө сөз болгон эмес, ал жөн гана кызга "комплимент" айтайын дегендигин билдирген.

Ушундан улам ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Пикир

Оставить комментарий