• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданий мурасыбызды мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөөбүз зарыл - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Жолдош солдаттар жана сержанттар, прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Кымбаттуу ардагерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди чын жүрөктөн Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктайм.

Мекен чегин коргоо – кылымдардан бери кайраттуу, руху күчтүү, ар кандай мезгилде душмандын соккусун биринчилерден болуп кабыл ала турган аскерлердин иши катары эсептелип келет. Биз 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында, Афган согушунда, Баткен окуяларында жана тынчтык мезгилинде Мекени үчүн өмүрүн берген аскерлердин жана командирлердин эрдиктери менен сыймыктанабыз.

Биздин күндөрдө мамлекеттик чек ара алдыңкы чек болуп саналат. Дал ушул жерден мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыктарын, өз жарандарын, экономикасын, маданий мурасын тышкы коркунучтардан коргой ала турганы сыналат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек ара кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүн бекемдөөгө жана согушка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, чек ара инфраструктурасын модернизациялоого, өз өмүрүн биздин мамлекеттин тышкы чегин коргоого байланыштырган солдаттар менен офицерлердин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга зор күч-аракеттерин жумшоодо. Бул иш мындан ары да улантылат.

Урматтуу чекарачылар!

Учурда чек ара кызматынын негизги милдеттеринин бири өлкө аймагына мыйзамсыз кесип өтүү аракеттеринин алдын алуу, экономикалык коопсуздукка активдүү каршы туруу болуп саналат. Буга катар терроризмге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат бизнесине чечкиндүү бөгөт коюубуз, маданий мурасыбызды мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөөбүз зарыл.

Биз чек арадагы аткарыла турган кызматтын мүнөзү жана шарттары абдан катаал болоорун жакшы билебиз. Чек ара кызматында ар дайым өзгөчө кырдаалдарда өзүн ишенимдүү кармай билген, чыныгы кесипкөй адамдар иштеп келген жана иштеп жатат.
Чек ара кызматынын жеке курамы өз милдетин мындан ары карай дагы татыктуу аткаруу менен катар ар-кандай милдетти көтөрүп кетээрине ишеним билдирем!

Урматтуу чек арачылар жана Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакытты, тынчтыкты жана ынтымакты, Атамекендин бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликтүү жана татаал ишиңиздерде ийгликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий