• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданий ресурстарды башкаруу жана адамдык ресурстарды чыңдоо тутумун түзүү долбоорунун бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. "Кыргызстанда маданият тармагында маданий ресурстарды башкаруу жана адамдык ресурстарды чыңдоо тутумун түзүү" долбоорунун онлайн бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Долбоордун бет ачары Нуржигит Кадырбековдун катышуусу менен өткөн.

Аталган долбоор Маданият министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү департаменти, Азия маданий борбору, Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлиги тарабынан демилгеленген.

Анын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын маданият жана маданият тармагын башкаруу боюнча мамлекеттик органга маданий ресурстарды башкаруу тутумун түзүү жана Кыргыз Республикасынын маданият жаатында адам ресурстарынын потенциалын чыңдоо аркылуу жардам берүү.

Долбоордон күтүлгөн натыйжалар:

- Кыргыз Республикасынын маданият тармагындагы мамлекеттик башкарууну кеңейтүү, маданий ресурстарды натыйжалуу борборлоштуруу/бирдиктүү башкаруу жана технологияларды, анын ичинде Кыргызстандагы маданий ресурстарды модернизациялоо/санариптештирүү/инновациялоо;

- Кыргыз Республикасынын калкына санариптик форматтагы маданий ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, маданий ар түрдүүлүктү таануу жана маданий ресурстарды сактоо жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;

- Жарандык коомдун, маданий топтордун жана жамааттардын, жаратуучулардын, аймактык кол өнөрчүлөрдүн (шырдактын) жумуш орундарын түзүүгө алып келүүчү маданий ресурстарын пайдалануу менен маданий баалуулуктарды өнүктүрүү.

Пикир

Оставить комментарий