• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өткөн.

Майрамдык салтанатта маданият тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн сыйлыктары тапшырылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий