• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азамат Жаманкулов: Улуттун жүзү - маданият тармагынын өкүлдөрү

Маданият 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын эл артисттеринин кызыл килем менен өтүүсү менен башталды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү маданият ишмерлерине арналган даректүү тасма менен башталып, жалпы маданият тармагынын өкүлдөрүн куттуктоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөдү.

Министр Жаманкулов жалпы маданият тармагындагы жетишкендиктер тууралуу айтып, улуттун жүзү маданият тармагынын өкүлдөрү экендигин баса белгиледи.

"Маданият тармагындагы ар бир жасалып жаткан аракет ар бир чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү аркылуу өтүп, кан-жанына сиңирип, жүрөгү аркылуу өткөрөт. Кыргыз маданиятын сактоого жана аны өнүктүрүүгө талыкпас эмгек кылуу менен маданияттын өлбөс- өчпөс ысымдары жана шедеврлери күнү бүгүнкүдөй жашап келет. Маданият адамды руханий жактан азыктандырууга, жарандарыбыздын бири-бирине дем-шык берүүсүнө, дилгир, сергек, мекенчил жаштарды тарбиялоого жана тарыхый эс-тутумубузду, руханий көрөңгөбүздү арттырууга көмөк берет.

Андыктан, ар бир маданият тармагынын өкүлүн чын жүрөктөн кесиптик майрамы менен куттуктайм жана чыгармачылык ийгилик каалоо менен алдыда жасала турган иштер арбын экендигин кошумчалап, аны бирге жасоо чакырам", - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Салтанаттуу иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, Б. Бейшаналиева атындагы Маданият жана искусство университети, А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык-мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий