• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Маданият,маалымат жана туризм министринин кенешчиси дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Тургунбай Алдакулов маданият,маалымат жана туризм министринин кенешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин жаңы кеңешчиси буга чейин Жалал-Абад телерадиокомпаниясын жетектеген. Көп жылдар бою медиа тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген.
Алдакулов аймактагы маданиятты өнүктүрүү маселелерин колго алат. Ал 39 жашта, Баткен облусунда туулган. Кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет.

Пикир

Оставить комментарий