• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Өлбөс полк» онлайн жүрүшү үчүн хештег колдонууга чакырат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Өлбөс полк- Кыргызстан» кыймылын колдойт жана «Өлбөс полк» онлайн жүрүшү үчүн хештег колдонууга чакырат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, согуш ардагери тууралуу макалага төмөндөгүдөй хештег колдонуп жарыяласаңыз болот: #ӨлбөсполкКыргызстан2020 #Өлбөсполкүйдө.

Бул хештег менен жарыяланган макалалар:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекетик каттоо кызматы менен биргеликте Улуу Жеңишке арналып атайын даярдалган pobeda.srs.kg сайтына келип түшөт.

Муну менен бардык кыргызстандыктар үчүн өзүнүн тууганынын же Улуу Ата Мекендик согуш ардагеринин ысымын түбөлүккө калтырууга шарт түзүлөт. Ал үчүн министрлик бардык жарандарды https://1945.srs.kg/ шилтемеси боюнча каттоодон өтүп, ардагердин сүрөтүн жана кыскача маалыматын киргизүүгө чакырат.

Бардык каалоочулар өзүнүн баракчасына же аккаунтуна Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган ыр саптарынан (позия), обондуу ырлардын, видеороликтердин үзүндүлөрүн жана ардагердин сүрөтүнө #ӨлбөсполкКыргызстан2020 хештегин колдонуп, эстафетаны досторуна, тааныштарына жана жакындарына берүүсү керек.
#Өлбөсполкүйдө

- Эл аралык “«Өлбөс полк» ресурсунда онлайн берүү (сайт moypolk.ru). ӨЛБӨС ПОЛК САЙТЫНА КАНТИП ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТАРЫХТЫ ТҮЗҮҮ КЕРЕК – толук нускаманы шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

Бүгүндөн тартып тарыхый баяндарды Фейсбук, Инстарграмм, Контакт жана Яндекс издөө системасы, «Бессмертный полк-Кыргызстан» расмий тайпасынын кыймылына жана фейсбуктагы «Бессмертный полк - Кыргызстан 2020. ДОМА!» баракчаларына жайгаштырса болот.

Хештегди кандай коюу керек:

Төмөндөгү эки катар текстти көчүрүп алып, өзүңүздүн баяныңыздын алдына жайгаштырыңыз: #ӨлбөсполкКыргызстан2020 жана #Өлбөсполкүйдө

Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу быйыл Кыргызстанда «Өлбөс полк» акциясы онлайн форматта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий