• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министри аймактык мамлекеттик ММК жетекчилери менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Күн мурун Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аймактык мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын (ММК) жетекчилери менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда бир катар тармактагы маселелер талкууланып, маалымат жаатында жүргүзүлө турган өзгөрүүлөр тууралуу сөз болду.

Бүгүнкү күндө аймактарда Маданият, маалымат, жана туризм министрлигине караштуу 6 облустук мамлекеттик телерадио уюм, 1 коомдук аймактык телерадио компания, 12 облустук, 34 райондук гезит редакциялары бар.

Пикир

Оставить комментарий