• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министри Алтынбек Максутов Индиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Шри Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Шри Арун Кумар Чаттерджини элчи болуп жакында дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Элчи министрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тарап үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон төмөнкү жагдайларды белгиледи. Алар, 2022-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жылдыгы, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен Индия-Борбор Азия саммити болуп өтүп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкандыгы, саммиттин жыйынтыгында Декларация жана башка чечимдер кабыл алынып, Борбордук Азия жана Индиянын маданият министрлеринин жылдык жолугушуусу 2023-жылы Нью-Делиде 4-апрелге пландаштырылдыгын белгиледи.

Индиянын элчиси ошондой эле 3-апрелде ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйынынын алдында ШКУнун биргелешкен буддалардын көргөзмөсүнүн ачылышы болорун белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Элчилик менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи жана А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты белгиледи. Ошондой эле, ал индиялык бий мугалимдерин Кыргызстанга чакырып, Улуттук китепкананын Индия борборунда бий курстарын уюштуруу пландары менен бөлүштү.

Министр Алтынбек Максутов кинематография тармагындагы өз ара аракеттенүү үчүн Индиянын Болливуду менен кызматташууну чыңдоонун актуалдуулугун белгилеп, Индиянын белгилүү аткаруучуларынын ар кандай видеоклиптери Кыргызстанда тартылганын жана популярдуу актёр С. Датта жана актриса Н.Фахринин катышуусунда “Торбааз” көркөм тасмасы тартылганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоонун бекемдиги үчүн маданият, маалымат, спорт тармагында жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий