• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маданият министри бул жылы кайсы маданий объекттер оңдоодон өтөрүн айтып берди

Коом 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул жылы кайсы маданий объекттер оңдоодон өтөрүн айтып берди.

Анын айтымында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядагы оңдоо иштери май айынын соңуна чейин аяктап калат. Буга чейин филармонияда 2007-жылы ремонт жүрүп, ал жарым-жартылай жасалган. Андан бери оңдоо иштери болгон эмес.

Эми филармонияда артисттердин, репетиция залы, үн-жарык системалары жаңыланып, жылуулук оңдолуп дагы башка жумуштар аткарылат. Мунун баарына бюджеттен 55 млн. сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, ал билдиргендей, учурда Опера жана балет театрында капиталдык ремонт иштери башталганы турат. Ал жакта да үн менен жарык жабдуулары жаңыртылып, репетиция залы, сахна оңдолот.

"Сиздер билгендей эле, кечээ күнү президент эки маданий объект – Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Мамлекеттик орус драма театрын көрүп келди. Бул объекттер биринчи этапта толук реконструкциядан өтөт. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда. Экинчи этапта Мамлекеттик жаштар театры, Куурчак театры, Мамлекеттик цирк жана Г. Айтиев атындагы сүрөт музейи, андан кийин аймактагылар оңдолот", - деди ал.

Министрдин айтымында, 3-4 жыл ичинде өлкөбүздөгү негизги маданий объекттерди реконструкциялоо пландалууда.

Сөзүнүн аягында кошумчалагандай, бул жылы филармония менен Опера жана балеттин оңдоо иштери соңуна чыгып, орус жана кыргыз драма театрларын 100% болбосо да, 80-90%га бүтүрүү пландалып жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий