• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маданият министри “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын уюштуруучулары менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын уюштуруучулары жана дизайнерлер менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда Кыргызстанда этно моданын келечеги жана мода индустриясынын өлкөдөгү орду тууралуу талкуулар болуп, алдыда бул багытта жасала турган иштер талкууланды.

Жолугушуунун алкагында Азамат Жаманкулов дизайнерлерге ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан берилген атайын сыйлыктарды тапшырып, алардын мода тармагына кошуп жаткан салымдарын белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы 21-23-июль күндөрү “Рух-Ордо” маданий борборунда өттү. Ага 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын бир катар өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий