• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министри Иманалиев Алматыдагы Кластердик бюронун директору жана ЮНЕСКОнун өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Алматы шаарындагы Кластердик бюронун директору, ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккат жана ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандагы Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Криста Пиккат Иманалиевге ЮНЕСКОнун учурдагы долбоорлору жөнүндө айтып жатып, чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү жана колдоо маселелерин талкуулоо үчүн жүрүп жаткан вебинарларга токтолду. Музейдин ишмердүүлүгү боюнча менеджерлер жана эксперттер, долбоордун максаты чыгармачыл индустрияны мындан ары илгерилетүү жана колдоо экендигин белгилеп, министрликти бул процессте активдүү катышууга чакырды.

Кластердик бюронун башчысы материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча долбоор Европа Бирлигинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып жаткандыгын жана 2022-жылга чейин созуларын жана ушул этапта бюро Улуттук комиссия менен биргеликте ЮНЕСКОнун мүчөсү болгон Кыргызстан тарыхый жана маданий жайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган аянтча түзүүнү пландаштырып жаткандыгына токтолду.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун Борбордук Азия боюнча өкүлү тарыхый жана маданий мүнөздөгү эстеликтерди дүйнөлүк тизмеге киргизүүнү, иштеп чыгууну, номинациялоону жана башкарууну башкаруу боюнча менеджерлер үчүн онлайн тренинг өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Министр Кайрат Иманалиев келечекте археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан Невакет, Ак-Бешим жана Суяб калктуу конуштарына туристтерди тартуу үчүн табылгаларды жана экспонаттарды музеификациялоо маселесин карап көрүүнү сунуштады.

Криста Пиккат жаштарга багытталган долбоорлор, глобалдык жарандык, маданий ар түрдүүлүк жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелеринде жана башка тармактарда жаш муундардын сабаттуулугун жогорулатуу пландары менен бөлүштү. Бюронун башчысы эл аралык уюмдун маалымат жана коммуникация жаатындагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып жатып, медиа сабаттуулукту жогорулатуу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун интеграциясы боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Кайрат Иманалиев ЮНЕСКОнун бул багыттагы демилгелерин кубаттап, учурдагы жаштардын өнүгүшүнүн жыргалчылыгы үчүн идеялардын актуалдуулугу экендигин баса белгилеп, учурда Маданият министрлиги дүйнөлүк тизмеге тарыхый-маданий мурастарды киргизүү боюнча иштерди жасап жаткандыгын кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар учурдагы жана келечектеги долбоорлор боюнча тыгыз кызматташууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий