• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министри Кайрат Иманалиев эстрада артисттери менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы эстрада ишмерлери, ырчылар, композиторлор, аранжировщиктер жана белгилүү продюсерлер менен жолукту. Бул тууралуу аталган министррликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга аталган тармактын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды.

Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, эстрада вокалисттеринин Кыргызстанды эл аралык денгээлде таанытуусу, автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.

Жолугушууга келген эстрада ишмерлери министр Кайрат Иманалиевдин бул тармак өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп жаткандыгына ыраазычылык айтып, министрлик тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти.

Эстрада тармагы маданияттын жана искусствонун ажырагыс бир бөлүгү экендиги баарыбызга белгилүү. Бул тармактын түзүлүү тарыхы бар. 2022-жыл кыргыз эстрадасынын түптөлгөнүнө 55 жыл толот. Бул багыттын түптөөчүлөрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүү зарылчылыгын ортого салышты.

Өз кезегинде Кайрат Иманалиев ар бир өкүлдүн суроолоруна жооп берип, мындан ары бул тармак менен тыгыз иш алып баруу үчүн атайын адис бөлүнгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле иштин кызыкчылыгы жана конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн, жаңыдан түзүлүп жаткан Эстрада ишмерлеринин коомдук уюму менен укуктук талаада иш алып баруу маселеси айтылып, тиешелүү чечимдер коллективдүү болуусун кошумчалады.

Мындан сырткары, министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгилеп, жакынкы күндөрү өлкөбүздө эстрада театрын ачуу менен анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы кадамдары аныкталды. Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки миңден ашуун эстрада кызматкери эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий