• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министри Иманалиев Кореянын элчисин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёкту кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Кайрат Иманалиев элчиге иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Корея Кыргызстан үчүн маданият жана искусство жаатында артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экендигин белгиледи.

Өз кезегинде элчи министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кайрат Иманалиев кыргыз элинин көпчүлүгү корей маданиятын киноиндустрия аркылуу, айрыкча кинотасмалар, сериалдар жана анимациялык тасмалар аркылуу таанып жаткандыгын, мындан тышкары, демилгелүү жаштар Кореяда чыгарылган сериалдарды сапаттуу которуп, дубляж жасоонун үстүндө иштеп жатышканын айтты.

Ошондой эле, элчи министрге элчилик кыргыз каналдарына кинопродуктуларды акысыз көрсөтүү үчүн берип жаткандыгын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчилик кыргыз тилине которуу жана корей тасмасын дубляждоо үчүн кызыкдар уюмдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн караштыра тургандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий