• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министри Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды

Маданият 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматк ылайык, министр жасалып жаткан иш- аракеттер, көйгөйлөр менен таанышып, аны чечүү жолдорун талкуулады.

Учурда Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде учурда бар экспонаттарды санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Бул аркылуу жарандар үйүндө отуруп музейдеги бар экспозицияларды, экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, министр Нуржигит Кадырбеков 2020-жылдын 6-октябрындагы “Ала-Тоо” аянтындагы башаламандыктын кесепетинен зыянга учураган музейдин балансындагы Ак үйдө жайгашкан сүрөттөрдүн абалы менен таанышып, аны калыбына келтирүү иш аракеттерин тездетүү, жоголгон эмгектерди кайтаруу далалатын күчөтүү тапшырмаларын берди.

Эске салсак, маалымат боюнча аталган музейдин балансындагы 20 эмгек убактылуу пайдалануу үчүн Ак үйгө берилген болчу. Учурда 8 эмгек дайынсыз жоголду. Төртөө зыянга учурап, кайрадан калыбына келтирүү ишине муктаж абалда.

Пикир

Оставить комментарий