• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министри Кадырбеков "Rotary Club" уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков "Rotary Club" уюмунун президенти Замира Молдошева жана клубдун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Кадырбеков министрлик тарабынан жасалып жаткан иштери жана пландалып жаткан долбоорлору туурасында маалымат берди.

Министр өз сөзүндө жалпы маданият тармагы пандемия шартында кандай пайдалуу долбоорлорду аткаркандыгы, руханий азык алып келүүчү бир катар демилгелердин негизги колдоочусу болуп келгендиги жөнүндө билдирди.

“Маданият тармагы ишкерлерди колдоосуна муктаж. Биз конкреттүү долбоорлор менен кайрылууга даярбыз”, - деп билдирди, министр ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкек Ротари-клубу эл аралык Ротари-клубдардын башын бириктирүүчү кайрымдуулук иш аракеттерин жүргүзүүчү Ротари Интернешнлдын бир бөлүгү болуп саналат.

Ротари түйүнү гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу, кесиптик чөйрөдө жогорку этикалык стандарттарды иштеп чыгуу жана дүйнөдө тынчтыкты, жакшы санаалаштыкты орнотууга көмөктөшө турган тармак болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде маданият тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жөнүндө кызматташуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий