• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министри Кадырбеков Талас облустук китепканасынын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепкананын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Китепкананын директору Телегей Жаркыналиева министр менен болгон жолугушуу учурунда китепкана учурда өзүнчө имаратка муктаж экендигин айткан.

“Китепканага китеп батпай, окурмандарды пандемия шартында кабыл алып жатабыз. Китептерди сактоого жана окурмандарды көп кабыл алуу ниетибиз бар. Бирок биз жайгашкан имарат тар болгондуктан, аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жатат”, - деп кошумчалады директор.

Учурда китепканын жанында жер тилкеси фундамент менен даяр. Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен акча каражат керектелет.

Министр Кадырбеков азыркы бюджеттик тартыштык олуттуу көйгөй болуп турганда демөөрчүлөрдү тартуу менен маселени чечүү аракетин көрөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий