• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министри Кайрат Иманалиев Жалал-Абад облусун кыдырды

Маданият 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев атайын иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды, - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы.

Алгач министр Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрынын жамааты менен жолукту. Жолугушуу эркин пикир алмашуу форматында өтүп, театрдын мындан аркы иш багыттары талкууланып, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына театр репертуарын жаңылоодогу чыгармачыл, натыйжалуу ой-толгоолор ортого салынып, өнүгүүгө карай оптималдаштыруу маселелери каралды.

Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы быйылкы жылга белгиленген Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында атайын даярдаган концерттик программасын министрге сунуштады.

Программанын сапатын жакшыртуу максатында талкуу жүргүзүлүп, борбордон режиссер, дирижер жана көркөм жетекчи тартуу сунушу жеринен чечилип, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Андан соң Иманалиев министрлер кабинетинин Жалал- Абад облусундагы ыйгарым өкүлү А. Сыргабаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Э. Ормоков менен жолугуп, жергиликтүү маданий мекемелерин жаңылоо-жакшыртуу иштериндеги жана каржылоодогу мүчүлүштүктөрү каралып, жөнгө салуу жолдору аныкталды.

Аны менен катар, Жалал-Абад облустук китепканасына баш багып, директору С. Аталиеванын коштоосунда министр андагы китеп фондусун байытуу жана санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштин жүрүшүнөн кабар алды.

Жалал-Абад шаардык , Базар-Коргон, Сузак, Ноокен, Ала-Бука жана Аксы райондук маданият бөлүм башчылары менен кезигип, аймактык маданиятка өзгөчө көңүл бурулаарын баса белгилеп, андагы аткарыла турган иштер ачыкталды.

Иш сапар Ала-Бука районундагы дүйнөлүк маанидеги Шах-Фазиль ири Улуттук тарыхый- архитектуралык комплексине багытталып, реставрациялоо иштерин жыйынтыктоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Министр К. Иманалиев ойчул-гуманист, айтылуу алп акын Жеңижоктун Аксы районундагы музейинен кабар алып, акындын 160 жыдыгын кеңири масштабда белгилөө жана ага карата музейди жаңылоо-толуктоо маселелерине токтолду. Ошондой эле айтылган аймактагы жаңы курулуп бүткөн тарыхый музейди жасалгалоо концепциясы да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий