• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маданият министри Максутов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаеванын жолугушуусу өттү.

Министрликтен билдиришкендей, Максутов элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Элчи өз кезегинде, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар маданият, туризм жана кино тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Ошондой эле пландалган долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана эки өлкөнүн маданият жана туризм ведомстволорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды кармап туруу боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий