• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министри окуучуларга жомок окуп берди

Коом 0

Бишкек, 10.12.19./Кабар/. Бүгүн маданият министри Азамат Жаманкулов К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында башталгыч класстын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда министр окуучуларга “Күүнүн башы Камбаркан” элдик жомогун окуп берген. Андан соң ал окуучулар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берген. Жолугушууга Бишкек шаарындагы №5 мектептин окуучулары келген.

Мындан тышкары, алдыда министрдин студенттер менен жолугушуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан “Китепкөй Кыргызстан” китеп окуу жумалыгы жарыяланып, бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий