• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр Иманалиев менен түрк элчиси Жапаровдун Түркияга боло турчу сапарын талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр Ахмет Садык Доганды элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Министр өз сөзүндө дипломатия менен Маданият министрлигинин миссияларынын окшоштугун, алардын ишмердүүлүгү эки мамлекеттин достугун чыңдоого багытталгандыгын белгилеп, эки өлкөнүн элдерин бириктирүүчү көпүрөнүн бири экендигин кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн башында министр элчиге ушул жылдын апрель айында Түркияга жасаган иш сапарында Маданият жана туризм министрлигинин, ошондой эле Спорт жана жаштар министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуулары жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, маданият, маалымат, спорт жана жаштар жаатындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоодогу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.

Мындан сырткары, жолугушуунун алкагында мамлекет башчынын Түркия Республикасына боло турган иш сапарынын жүрүшүндө кол коюуга даярдалып жаткан документтерге өзгөчө басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий