• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Маданият министри Жаманкулов аймактык медиаборборлордун жетекчилери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аймактык медиаборборлордун башкы директорлору менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр СOVID-19 коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын алдын алуу үчүн республикада өзгөчө кырдаал/абал режиминин киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн жагдай, социалдык-экономикалык маселелер боюнча жарандарды оперативдүү жана так маалыматтар менен өз убагында камсыз кылуу иштеринде аймактык медиаборборлордун иштеринин артыкчылыгын белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аймактык медиаборборлор аккредитациядан өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда министр А.Жаманкулов шайлоо өнөктүгүн маалыматтык чагылдырууда даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн ынанымдуулугун текшерүүгө жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө ЖМК эркиндигин кыянат пайдаланбоого аракеттерди көрүүгө токтолду.

Жыйында медиаборборлордун продукциясын кеңири жайылтуу үчүн жаңы түзүлгөн “Kyrgyz.media” веб-порталын аймактык медиаборборлордун бирдиктүү контент-порталы катары ишин жандандыруу, журналисттер жана веб-редакторлор үчүн окууларды уюштуруу, бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен, эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр менен кызматташып грант, инвестиция тартуу менен атайын эсеп ачуу аракеттерин жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий