• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Маданият министри Жаманкулов Алыкул Осмоновдун үй–музейинде болду

Маданият 0

Бишкек, 30.01.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейинде болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата үй-музейи кайрадан жаңыланган экспозициясы менен таанышып чыкты.

Белгилүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясына дарыланып, ал жерден 3 бөлмөлүү ушул үйдө байырлап калган. Акындын көзү өткөн соң жашаган үй музей катары пайдаланылып, аны Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Бакыт Асанбаев 14 жылдан бери айлык албастан оңдоп-түзөп көзөмөлдөп келген. 2015-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата 100 бак тигип, музейдин жанына чакан сейил багын уюштуруп, эстелик тургузулган.

Азамат Жаманкулов акындын үй-музейин аздектеп сактоо жана коргоо маселеси Маданият министрлигинин көңүлүндө экендигин белгилеп, мыйзам чегинде музейди министрликтин балансына толук алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий