• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маданият министри Жаманкулов онлайн түрүндө жарандарды кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн түрүндө видео байланыш аркылуу коомдук кабыл алууну баштады.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурдагы кырдаалга байланыштуу жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарандарды онлайн түрүндө кабыл алуу чечими чыккан.

Бул үчүн жарандар үйүнөн гана министрликтин +996 701 701 581 (WhatsApp) номерин терип, алдын ала билдирме калтыруусу керек.

Видео кабыл алуу ар жуманын шаршемби күндөрү саат 16:00-18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий