• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министри Жаманкулов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. КРнын Маданият, маалымат министри Азамат Жаманкулов Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда 2018-жылы “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму тарабына жарыяланган Чынгыз Айтматов жылы жылынын алкагында жалпы түрк дүйнөсү тарабынан өткөрүлгөн иш- чаралар тууралуу жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы "ТҮРКСОЙ" уюму тарабынан жарыяланган “Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” катары кабыл алынышына министрлер кеңешинин бирдиктүү чечимине ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап алдыда өтө турган иш- чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө бардык аракеттерин жумшаарын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-февралда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) кезектеги жолугушуусу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий