• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетти

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты "Кабар" агенттигине министр Азамат Жаманкулов тастыктады.

Ал билдиргендей, Темирбекова өткөн жумада арыз жазып, кызматтан кетүү чечимин башка долбоорлор менен алектенүүсүнө байланыштуу экендигин түшүндүргөн.

Темирбекова кызматынан кетип жатканын Facebook баракчасына жазып, чогуу иштешкен бардык адамдарга, кызматташкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Кызматтан кетүү чечимин ойлонуп кабыл алынганын жазды.

Эске салсак, Темирбекова министрдин орун басары болуп 2013-жылы августта дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий