• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маданият министринин орун басары: Элдердин биримдигин бекемдөө ар бир жарандын милдети

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 2-3-февраль күндөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “ПисНексус” фондунун регионалдык кеңсеси менен биргеликте Кыргызстан калкынын ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана анын жаштар канатынын активисттеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөп, Кыргызстан көп этностуу өлкө экенин белгилөө менен, элдердин биримдигин бекемдөө алгач ар бир жарандын милдети экенине токтолуп, жарандардын кыргыз жараны катары өзүн таануусу негизги маселелерден экенин белгиледи.

Мындан сырткары, учурда бул багытта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдап, учурда Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууда Кыргызстан калкынын ассамблеясынын ролу чоң экенин айтып, этностук азчылыктардын муктаждыктарын эске алуу негизги маселелерден экенин белгиледи.

Жыйында 2021-2026-жылдары Кыргызстанда Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн алгылыктуу багыттары жана аны ишке ашырууда Кыргызстан калкынын ассамблеясынын ролу талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуш пикирлер айтылды.

Аталган Кыргыз жараны концепциясы КР президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген жана төмөнкү 5 артыкчылыктуу багытты камтыйт.

Алар:

1. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.

2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.

4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.

5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий