• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлиги Балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Аймакты өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгын өткөрөт.

Министрликтен билдиришкендей, 27-майдан 1-июнга чейин өтүүчү жумалыктын алкагында республика боюнча бир катар иш-чаралар каралган. Алардын жүрүшү өлкөдөгү маалымат каражаттары, социалдык медиа аркылуу чагылдырылат.

Жумалыктын алкагында “Поэзия күнү”, “Жомок күнү”, “Сүрөт жана көркөм тасма күнү”, “Музыка күнү”, “Театр күнү” жана “Нур замандын балдары” аталышындагы майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, алар онлайн форматында өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык бөбөктөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардык жарандарды жумалыктын иш-чараларына активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий