• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министри интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованы кабыл алды

Маданият 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аткаруу жөндөмү менен коомчулукта чоң резонанс жараткан Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт.

Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда маданият министри Азамат Жаманкулов бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен жолукканда белгилүү болду.

Тактап айтканда, маданият министри Бегимай Турусбекованы “Central Asia's Got Talent” сынагына жөнөтүүгө, ошондой эле Казакстан, Түркия жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүн өткөрүүгө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам берерин баса белгиледи.

Ал эми Бегимай Турсунбекова буга чейин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин окуп, бирок бүтүрө албай калгандыгын айтты.

Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын бүтпөй калган окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны аяктоосуна жардам берерин кошумчалады.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова борбор калаадагы парктардын биринде Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хит болгон ырларын ырдап, бир кундө интернет жылдызына айланып, чыныгы талант катары тааныла баштады.

Пикир

Оставить комментарий