• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маданият министрлиги ЮНИСЕФ менен бирге U-Report платформасын ишке киргизди

Маданият 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана ЮНИСЕФ U-Report платформасын ишке киргизишти.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Кыргызстан U-Report глобалдык платформасын ишке киргизген өлкөлөрдүн рейтингинде 89-орунду, ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында 2-орунду ээледи.

Жаш активисттер U-Report платформасына WhatsApp жана социалдык тармактардын мессенжерлери аркылуу жазылып, сурамжылоолорго катышып, өзүнүн жана жамааттарынын жашоосу үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча пикирлерин билдире алышат. Сурамжылоонун жыйынтыктары ошол замат https://kyrgyzstan.ureport.in/ сайтына чыгып турат.

U-Report платформасынын жардамы менен өлкөнүн эң алыскы аймактарында да социалдык жактан маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды жаштарга жеткирүүгө болот. Сурамжылоонун жыйынтыктары өспүрүмдөр менен жаштардын, ошондой эле өкмөт менен кошо бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы диалог үчүн колдонулса болот.

“Кыргызстанда калктын дээрлик үчтөн бирин 14-28 курактагы жаштар түзөт. U-Report жаштардын үнү саясатты түзүп жаткандарга жетиши үчүн ошол үнгө салмак кошо алат. Ошол эле учурда жаштар өздөрү үчүн абдан актуалдуу болгон маселелер боюнча өздөрүнүн күн тартибин да сунуштай алышат. Мен ошондой эле өкмөттү жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдү бул үндөргө кулак төшөөгө, жаштардын жашоосун жакшыртуу үчүн биргелешип иш алып барууга чакырам”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Учурда Кыргызстандагы өспүрүмдөр жана жаштар U-Report платформасын колдонгон 89 мамлекеттеги 17 миллион жаштарга кошулууда. Алар өзү жана жамааты үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле жамааттарды туруктуу өнүктүрүү максатында биргелешкен иш аракеттерге шыктандыра алышат.

Платформанын ачылышына мамлекеттик органдардын, жаштар уюмдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана бизнес ишканалардын 50дөн ашык өкүлү катышат.

Пикир

Оставить комментарий